Нарын облусунун аймагындагы көмүр кендеринин бирин иштетүүгө лицензиясы бар компаниянын акцияларын тартып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта УКМКнын маалымат борбору маалымдады.
Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталган маалыматка ылайык, парламенттин мурдагы депутаттары Ж.уулу А. жана М.М. аттуу жарандар коркутуп-үркүтүү жана башка мыйзамсыз ыкмаларды колдонуу менен, акча төлөбөстөн, көмүр кенин иштетип жаткан жогорку ликвиддүү компаниянын акцияларынын контролдук пакетин алардын менчигине өткөрүп берүүгө мажбурлашкан.
Кечээ, 31-июлда эки экс-депутат кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.