Кечээ, 15-январда болуп өткөн тынчтык митингинде "
Мелис Мырзакматов үчүн эртең жумушка чыкпайбыз" деген сөз айтылган эле.
"Бул сөз билим берүү мекемелерине таасирин тийгизбедиби?" деген ойдо Ош шаарынын Билим берүү башкармалыгынын жетекчисине байланышып, жооп алдык.
"Туура айтасың, кечээ аянтта "жумушка чыкпайбыз" деген сөздөр айтылыптыр. Бирок кечээ да, бүгүн да мугалимдер балдардын сабакка катышуусун көзөмөлдөп, өз милдеттерин аткарышууда. Билим берүү башкармалыгында жумушка чыкпай коюу деген болгон жок. Бардык окуу жайлар күн тартибинде иштеп жатышат",- деп билдирди Кимсанов.