16-январга карата электр энергиясынын суткалык керектөөсү 65,67 миллион киловатт саатты түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 2,68 миллион киловатт саатка жогору. Бул туурасында Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми эң жогорку керектелген кубаттуулук 2984 мегаватт, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 135 мегаваттка жана белгиленген чектен 204 мегаваттка көп.