Кыргызстанда шайлоочулардын саны 4 миллион 237 миң адамды түзөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева "Биринчи Радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, добуш берүүчүлөрдүн санына жараша округдар бөлүнөт. Бир шайлоо округунда 140-142 миң адам болушу мүмкүн.
Жупуева шайлоо ушул жылдын 30-ноябрында өтөрүн, анда "бир шайлоочу - бир добуш" принциби сакталарын кошумчалады.
Белгилей кетсек, парламенттин 25-сентябрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуусу боюнча чечим кабыл алынды. Аталган сунушту 32 депутат демилгелеген.