
Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңешти таркатууга макулдугун берип, 32 депутат кол койгонун жергиликтүү басылмалар билдиришүүдө.
Алар:
Мындан үч күн мурун 12-сентябрда Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча демилгечи топ түзүлгөнү айтылып, эл өкүлдөрүнөн кол топтолуп жаткандыгы маалым болгон.
Буга чейин депутат Исхак Масалиев парламент тарай турганын кыйыткан билдирүү жасаган. Анын билдирүүсүнөн кийин күзүндө мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөрү жөнүндө сөздөр күчөдү.
Коомчулукта парламент тарашы мүмкүн делген кептер февраль айында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартибин өзгөртүүнү сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлганда айтыла баштаган. Кийинчерээк, март айында аталган мыйзамдын демилгечилеринин бири, депутат Нурбек Сыдыгалиев Жогорку Кеңеш тууралуу айтылган кептерди четке каккан.