Орозбек Молдалиев КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси болуп дайындалды. Буйрукка КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-январда кол койду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, мурдагы жетекчи Абдулатиф Жумабаевдин башка кызматка өткөнүнө байланыштуу анын ордуна Орозбек Молдалиев дайындалды. Белгилей кетсек, Орозбек Молдалиев буга чейин президенттин парламенттеги өкүлү болуп иштеп келген. Ал эми А.Жумабаевдин кайсы кызмат ордуна отургандыгы азырынча белгисиз.
Эске салсак, 2013-жылдын 30-декабрында экс-муфтий Рахматулла ажы тууралуу чуулгандуу видеотасма интернетте тараган. Рахматулла Эгембердиев бул үчүн кызматтан кетип, өзүнө байланышкан чуулгандуу видеотасманы жайылтууга Икрам Илмияновду (Президенттик аппараттын башчысынын орун басары), Абдулатиф Жумабаевди (Президенттин алдындагы Дин иштери боюнча комиссиянын төрагасы) жана Орозбек Молдалиевди (КРнын Президентинин Жогорку Кеңештеги өкүлү) айыптаган болчу.