Чыныбай Турсунбеков: "Бийлик буга чейин кызмат орундарын бөлүштүрүү менен алектенип, чек ара көйгөйү унутта калып келди"

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков февраль айында фракция өз жыйынын Баткен облусунда өткөрө турганын билдирди. Баткендеги чек ара көйгөйү 1992-жылы Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан тарабынан кабыл алынган декларациянын алкагында чечилиши зарыл экенин айтты Турсунбеков.  

Депутат чек ара маселеси канчалык көпкө созулса, сырткы күчтөр да ошончолук пайдасын көрөт деген ойдо. Акыркы жылдары бийлик көбүнчө ички маселелерге, кызмат орундарын бөлүштүрүүгө көңүл буруп, чек ара аймагында жашаган калктын көйгөйү унутта калып келгенин да айтты ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан