Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Райкан Төлөгөнов, Сайдулла Нышанов, Гүласал Садырбаева жана Акуналы Досалиев бүгүн, 17-январда Ала-Бука районунда шайлоочулар менен жолугушту.
Жолугушууда Ала-Бука районунун тургундары көйгөйлөрүн айтышты. “Кардарлар өздөрү жараксыз кылып жатат” деген шылтоо менен Райондук электр станциясынын өкүлдөрү эскирген электр чубалгылары үчүн жергиликтүү тургундарга 30 миң сомго чейин айып пул салып жатыптыр. Райкан Төлөгөнов “Бул маселени биз Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин кароосуна алып чыгабыз. Электр чубалгыларын энергетикалык компаниялар жаңылашы керек”,- деди.
Жергиликтүү тургундар тарабынан мамлекеттик чек араны тактоону тездетүү, социалдык жөлөк пулдардын өлчөмүн көтөрүү, жаңы айыл чарба техникалары менен камсыз кылуу сыяктуу маселелер көтөрүлдү. Депутат Сайдулла Нышанов Айыл чарба жана мелиорация министрлиги статистикалык маалыматтарды жыйноо менен гана чектелип, көп иштерди жасабай жатканын айтты.
“Ата Мекен” фракциясынын депутаттары ушул эле күнү Аксы районунун борбору Кербен шаарында шайлоочулар мене жолугушту.