Бүгүн, 6-ноябрда Ош шаарынын мэриясы Өзбекстандан алынып келинген 1000 даана чынар теректин көчөттөрүн отургузуу иштери башталганын кабарлады.
Көчөт отургузуу ишин калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев өзү баштап берди. Ал бул иш-чарада жол боюнда кызматтык милдетин аткарып турган милиция кызматкерлерин да ишке тартты.
"Могу милиция кызматкерлери да бирден көчөт отургузсун. Булардын колу жакшы болот. Баскыла! Буларды да бир иштетели", - деди ал.