Биз социалдык тармакта

Министр Кеминде курулуп жаткан күн электр станциясы жыл аягында ишке берилерин айтты

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Чүйдүн Кемин районунда кубаттуулугу 100 МВт күн электр станциясын куруу иштери менен таанышты.

Министр 100 МВт электр энергиясы жаңы жылга чейин берилерин айтты. Ибраев ошондой эле кийинки жылга аталган күн станциясынан аз дегенде 300 МВттын тегерегинде электр энергиясын алуу мүмкүндүгү бар экенин белгиледи. Анын айтмында, негизи 500 МВтка чейин кубаттуулук алуу пландалууда.

“Бул кубаттуулук Ысык-Көл облусун толук камсыздаганга жетет. Облус өзү кыштын күнү 340 МВтка чейин керектейт. Жайкысын 240 МВттын айланасында коротот”, - деди министр.

Айта кетсек, аталган күн электр станциясынын курулушу январь айында башталган.

Министр Кеминде курулуп жаткан күн электр станциясы Ысык-Көлдүн муктаждыгын жаба турганын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан