Бүгүн, 21-январда Чүй облусунун Кемин районунда жаңы күн электр станциясынын курулушу башталды. Бул туурасында Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, капсула салуу аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, күн электр станциясынын курулушу Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгына жана туруктуу өнүгүүсүнө жасалган маанилүү кадам экенин белгиледи. Мындан тышкары кытайлык өнөктөштөргө, Шэньси провинциясынын өкмөтүнө жана инвесторлорго эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Кошумчалангандай, кубаттуулугу 100 мегаватт болгон күн электр станциясы жылына 155 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгуу менен көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну 140 миң тоннага жана көмүргө болгон керектөөнү 50 миң тоннага азайтат. Ал эми бул күн электр станциясын курууда 500гө жакын жумушчу орун түзүүгө мүмкүндүк берет.