Бүгүн, 15-ноябрда Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов көчөсүндө көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн эки жаран жабыркады. Алардын абалы туруктуу экендигин ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Айрым басылмалар эки кыз өрт учурунда терезеден секирип кеткендигин жазышууда.
Ал эми милиция жана Кайгуул кызматынын кызматкерлери өрт каптаган үйдүн терезелеринен жарандарды эвакуациялады. Күбөлөрдүн айтымында, жолдон өтүп бара жаткан атайын техника да жардамга келген. ӨКМ жалпы 50 жашоочу коопсуз аймакка чыгарылганын билдирди.
Айта кетсек, буга чейин аталган жерди өрт каптап, болжол менен 800 чарчы метр аянтты кучагына алгандыгы
маалымдалды. ӨКМден 4 күжүрмөн эсеп тартылып, жеринде өчүрүү иштерин жүргүзүүдө.