
Бүгүн, 15-ноябрда Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов көчөсүндө көп кабаттуу үйдө өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, таңкы саат 6:20дан тарта шаардык өрт өчүрүү бөлүктөрүнөн жалпы 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Алар үйдүн 50 жашоочусун коопсуз тилкеге эвакуациялашкан. Тилсиз жоо өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен 08:50дө чектөөгө алынып, аянты болжол менен 800 чарчы метрди түздү.
Жеринде толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.