Бүгүн, 20-январда Чүй ОИИББинин мыкты кызматкерлери сыйланды. Ага ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, Чүй ОИИББинин башчысы Капар Батырканов жана милиция кызматкерлери катышышты. Мыкты кызматкерлерге атайын сыйлыктар тапшырылды.
Акылбек Жантаев – Чүй ОИИББинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын мыкты ыкчам кызматкери;
Нурлан Турусбеков – Чүй ОИИББинин Баңги заттарды мыйзамсыз жүргүзүүгө каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын мыкты ыкчам кызматкери;
Нурлан Эргешов – Чүй ОИИББинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын мыкты ыкчам кызматкери;
Нурлан Мамышов – Чүй ОИИББинин 10-башкармалыгынын мыкты ыкчам кызматкери;
Зарина Мамбекова – Чүй ОИИББинин Тергөө башкармалыгынын мыкты тергөөчүсү;
Кыялбек Кожомбердиев – Чүй ОИИББинин Коомдук коопсуздук бөлүмүнүн мыкты аймактык тескөөчүсү;
Елена Степанова – Чүй ОИИББинин Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекциясынын мыкты тескөөчүсү;
Асылбек Медеталиев – Чүй ОИИББинин Кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө батальонунун мыкты саркери;
Жарашбек Маматкеримов – Чүй ОИИББинин Жол-кайгуул кызматынын мыкты тескөөчүсү;
Бактыбек Ниязалиев – Чүй ОИИББинин Эксперттик-криминалистика бөлүмүнүн мыкты эксперти;
Мирбек Буудайбеков – Чүй ОИИББинин Атайын тез чара көрүүчү отрядынын мыкты ыкчам кызматкери;
Кубанычбек Назаркулов – Чүй ОИИББинин Нөөмөт бөлүмүнүн мыкты тескөөчүсү.