Жогорку Сот Курсан Асанов боюнча буга чейинки өкүмдөрдү күчүндө калтырды

Жогорку Сот ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча чечим чыгарды. Санарип сот порталына кечээ, 1-декабрда жарыяланган маалыматта чечим 19-ноябрда чыкканы айтылат.

Анда Жогорку Сот Асановдун иши боюнча буга чейинки биринчи жана экинчи инстанциялар чыгарган өкүмдөрдү күчүндө калтырганы белгиленген.

Эске салсак, 2023-жылдын 8-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Курсан Асановго, уулу Мухаммед-Али Асановго, айдоочусу Дайырбек Пайзылда уулу жана өкүл баласы Турсунбек Бейшенбековго байланыштуу сот отуруму болгон.

Анда Курсан Асанов менен "Чындык" гезитинин редактору Бейшенбеков мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу жалган маалымат тараткандыгы үчүн күнөөлүү деп табылышкан. Бирок жоопкерчиликке тартуу убактысы өтүп кеткендиктен эч кандай жаза берилген жок.

Ал эми 2019-жылы болгон Кой-Таш окуясы боюнча Асанов толугу менен акталган. Ошондой эле анын уулу Мухаммед-Али Асанов менен айдоочусу Пайзылда уулунун ишинде да кылмыш курамы жок болгондугуна байланыштуу кылмыш иши токтотулгон.

Бишкек шаардык соту 2023-жылдын 7-сентябрында ушул эле чечимди күчүндө калтырган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2025-12-03 00:12:00
Бул кутурган лөлүнү мынча эле эркелеттиңер? жасаган кылмыштары үчүн алигиче жоопко тарта албай отурасыңар, бөрү баласы ит болбойт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан