Курсан Асанов менен жакындарына байланыштуу сот өкүмү чыкты

Бүгүн, 8-июнда Биринчи Май райондук соту тарабынан ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен анын жакындарына байланыштуу өкүм чыкты.

Маалым болгондой, Курсан Асановго, уулу Мухаммед-Али Асановго, айдоочусу Дайырбек Пайзылда уулу жана өкүл баласы Турсунбек Бейшенбековго байланыштуу сот отуруму болду.

Анда Курсан Асанов менен “Чындык” гезитинин редактору Бейшенбеков мурдагы вице-премьер-министр Жениш Разаков тууралуу жалган маалымат тараткандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. Бирок жоопкерчиликке тартуу убактысы өтүп кеткендиктен эч кандай жаза берилген жок. Ал эми 2019-жылы болгон Кой-Таш окуясы боюнча Асанов толугу менен акталды.

Ошондой эле анын уулу Мухаммед-Али Асанов менен айдоочусу Пайзылда уулунун ишинде да кылмыш курамы жок болгондугуна байланыштуу кылмыш иши токтотулду.

Эске салсак, 2019-жылы Курсан Асановго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген негизде Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. Кийинчерээк, анын айдоочусу Пайзылда уулу менен өкүл баласы Бейшенбеков кармалып, уулуна издөө жарыяланган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан