Түркия туристтер арасында кооз деңиз курорттору, арзан жана ыңгайлуу эс алуу шарттары, Стамбул, Каппадокия сыяктуу тарыхый жана өзгөчө жайлары менен белгилүү. Даамдуу түрк тамактары, гүлдөп турган базарлар, арзан шопинг — бул өлкөнү көптөр үчүн жагымдуу багытка айландырат.

Демек, мен эми көпчүлүккө тааныш эмес Түркияны шаарларынан тааныштырам. Пресс-турдун биринчи күнүн Стамбулда өткөрсөк, экинчи күн бизди тарыхый жайларга жетеледи. Биз эми Токат шаарынан сүйлөйбүз. Стамбулдан Токатка чейин 814 чакырым жолду басып өтүшүңүз керек. Убакыт кенен болсо, поезд, такси же жеке авто менен барууга болот. Эгер эртерээк жетүүнү кааласаңыз, 2 саатка жетпеген убакытта учак менен барсаңыз болот. Аймактын өзүнчө аба майданы бар.


Учактан түшүп, унаа менен Токатка бет алганда эле кең талаалар көзгө урунат. Кыштын кыры көрүнүп калса да күн жылуу, жайдай жылмакай жылуулук тартуулайт. Түркия жалпы жылуу өлкө деп айтууга болот, бирок Токатта кышкысын кар жаап, аба ырайы -3 градуска чейин төмөндөйт. Дегеним, талааларында жергиликтүү элдин тынымы азайган эмес.
Бизди баштап барган гид Мустафа Ялчын мырза жергиликтүү эл эмгекчил экенин баса белгиледи. Бул аймак алыскы Европаны жер жана мөмө-жемиштер менен камсыздап келет. Алар жыйнаган түшүмдүн басымдуу бөлүгү экспорттолуп, жергиликтүү базарга анчейин деле чыкпайт. Бул аймактын калкы жүзүмдүн 7 түрүнөн түшүм алат.
Айыл чарба багытына көп басым жасалгандыктан, Газиосманпаша атындагы жогорку окуу жайы да бул багыттагы адистерди даярдоодо мыкты экенин көрсөтүп келет. Ал жакта башка аймактарга салыштырмалуу студенттер үчүн ыңгайлуу шарттар каралып, билим акысы да арзан.
Ушинтип таанышып келе жатып эле шаардан бир аз бийик жердеги сүрөттөрдөн көргөн тар көчөгө келип калдык. Андан ары бизди Токаттын тарых изи калган маданий мурастары өз кучагына алды.
“900 кадамда 900 жыл турмуш” деп аталган Токаттын тарыхый-маданий жолу – шаардагы эң байыркы көчөлөрдү бириктирген уникалдуу маршрут. Бул көчөлөрдө кылымдык архитектуралык, диний жана маданий мурастар сакталып калган. Айланага көз чаптырып, мурунку кылымдарга түшүп калгандай туюмда бара жаттым.
Байыркы Рим, Византия, Селжук жана Осмон доорлорунун издери бир жерде чогулуп, шаарды жандуу музейге айландырган. Зела салгылашында Юлий Цезарь атактуу “Veni, Vidi, Vici — Келдим, көрдүм, жеңдим” деген сөзүн дал ушул жерде айткан. Ошол тарыхый окуяга байланыштуу экспонаттар бүгүн Токат музейлеринде көрсөтүлөт. Сапарлаштар ал жакка баш бактык. Эшик алдынан тосуп алган музейдин мүдүрү тарыхый жайларды тааныштырып, адаттагыдай түрк салты менен чай берип узатты.
Токаттын эң кызыктуу өзгөчөлүктөрүнүн бири — ажаткана музейи болду. Бул жерде илгерки доордун адамдарынын тазалыкка болгон мамилеси, эски мончо системалары, тарыхый ажатканалардын формалары жана ошол доорлорго мүнөздүү турмуш буюмдары көрсөтүлгөн. Негизи Түркияда алгачкы канализация түшүнүгү Токатта пайда болгондугу айтылды. Жана да бул аймак өзүнүн хамамдары менен белгилүү. Кээ бир экспонаттар күлкүлүү жана таң калыштуу, бирок туристтерди өзүнө тартып турат.
Тарыхый мурастарга көзүбүз тоюп чыккан соң тар көчөлөрдү бойлой басып бара жаттык. Эски үйлөр үч кабаттан ашпайт, анткени тарыхый зонаны жабып калышы мүмкүн. Бул туристтер үчүн баалоочу жана жеңил багыт алуу мүмкүнчүлүгүн түзөт. Биринчи кабатында жергиликтүү элге таандык буюмдар сатылат. Токат эли кол өнөрчүлүккө көп басым жасайт: кездеме бетине түрдүү сүрөттөрдү атайын жабдыктар менен түшүрүп, түркүн түскө боёп чыгышат. Мен да эстелик үчүн 200 лирага, биздин акча менен 414 сомго бир чоң жоолук сатып алдым.