Мен көргөн Түркия: Тарых, маданият жана табият айкалышкан Токатка сапар (2-бөлүм)

Башы 1-бөлүмдө...

Андан ары байыркы соода алакасы кайнап турган Ташан кербен сарайына бет алдык. Ал имарат 1626–1632-жылдарга таандык. Орто кылымдардагы соода жолдорунда саякатчылар, соодагерлер жана кербендер үчүн түнөп эс алчу жай болгон. Ички бөлмөлөрү соода үчүн дүкөн жана усталардын жайлары катары колдонулган. Азыр да эки кабаттуу имарат өз маанисин жоготкон эмес. Биринчи кабаты туристтер үчүн көргөзмө жай болуп кызмат кылса, экинчи кабатынан ууз-чеберлерди, усталарды, сүрөтчүлөрдү таба аласың. Кербен сарайы кол өнөрчүлүк буюмдарын саткан дүкөндөр жана чай бакчасы менен келгендерге өзгөчө сезим тартуулайт.

Стамбулда аэропорттон мейманканага чейин айдоочу менен сүйлөшүп баргам. Ал мага Токатка барсам кебабын сөзсүз ооз тийишим керектигин белгилеген. Бизди Мустафа мырза аталган шаардагы эң мыкты түрк даамдарын жасаган “Очакбаши” ресторанына алып келди. Мындай кебаб эч жерде жеп көргөн эмесмин. Даамын сөз менен жеткирүү кыйын, тандырга ышталып жасалган эт жана жер жемиштерин өзүңүз барып татып көрүүнү сунуштайм.

Токат шаары бай тарыхы жана өзгөчө архитектуралык мурастары менен айырмаланат. Андан ары шаардын эң таанымал тарыхый жайларынын бири — Гёк медресеге бардык. XIV кылымда курулуп, селжук доорунун кооздугун бүгүнкү күнгө чейин сактап келген илим борборуна кирүү мүмкүнчүлүгү болбоду. Анткени тарыхый тасма тартылып жаткандыгы маалымдалды.

Шаарды кыдырганда сөзсүз көрө турган дагы бир жер — Латифоглу конок үй музейи. Бул Осмон доорунун салттуу үйү, жыгач жана таштын шайкештиги менен курулуп, соодагер үй-бүлөлөрүнүн жашоосун чагылдырат. Азыркы учурда музей катары кызмат кылып, конокторго ошол мезгилдин турмушун жакындан сезүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Ал эми шаардагы руханий жана тарыхый мааниси жогору эстеликтердин бири — Махпери Хатунга арналган курулуштар. Селжук мезгилинин таасирдүү айымы Махпери Хатундун аты менен байланышкан бул мазар же комплекс орто кылымдагы ислам архитектурасынын баалуу үлгүсү болуп эсептелет.

Токат шаары — бул жөн гана шаар эмес, тарых жана маданият жанданып турган жандуу музей. Көчөлөрү аркылуу басып өткөн сайын сиз кылымдык тарыхка жана байыркы салттарга саякаттап, жергиликтүү турмушту жакындан сезесиз. Байыркы үйлөр, тар көчөлөр, кербен сарайлары жана кол өнөрчүлүк дүкөндөрү баары туристке уникалдуу жана эсте каларлык тажрыйба тартуулайт. Ал эми жергиликтүү даамдар жана музейлер болсо саякатыңызды толугу менен эстен кеткис кылат.

Токат тарых, маданият жана табияттын сонун айкалышы, бул жерге келген адамдын жүрөгү эч качан унутулбас эстеликтер менен толуп кетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан