КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, 17-декабрда эртеӊ менен саат 07:00 чамасында Тоң районундагы Көк-Мойнок-2 айылындагы мектептен өрт чыккан. Маалыматтар боюнча, мектептин 675м² аянты өрттөнүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби аныкталууда.