"Социалдык тармактарда улуттар аралык чагымчыл билдирүүлөрдү жазган автор кармалды" деп маалымат берди жарандык активист Айбек Теңизбайдын кармалышы боюнча УКМКнын маалымат кызматы.Айта кетсек, активист кечээ, 11-декабрда Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүндө кармалганы белгилүү болгон. Үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнү да айтылган болчу.
Айбек Теңизбай YouTube`дагы каналында бир нече саясатчылар менен маек курган. Анда ал маектешине сөз эркиндиги тууралуу суроолорду да узатып келет. Теңизбай социалдык тармактагы баракчасында бийликтин айрым иштерин сындаган постторду жазып турат.
Ал эми бүгүн, 12-декабрда жарандык активист 48 саатка камакка алынганы маалым болду.