Жарандык активист Айбек Теңизбай учурда УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында экенин МедиаХаб кабарлады.
Басылмага муну активисттин досу Азиз Таалайбек тастыктаган. Ал досунун үйүндө бүгүн, 11-декабрда эртең менен тинтүү жүргүзүлүп, телефон, планшет, ноутбугу алынганын айткан. Айбек Теңизбай эмне үчүн кармалганы белгисиз бойдон экени кошумчаланган.
Буга чейин активист Чүйдүн Кой-Таш айылында кармалганы айтылган. Азырынча УКМК бул боюнча маалымат бере элек.
Айбек Теңизбай YouTube`дагы каналында бир нече саясатчылар менен маек курган. Анда ал маектешине сөз эркиндиги тууралуу суроолорду да узатып келет. Теңизбай социалдык тармактагы баракчасында бийликтин айрым иштерин сындаган постторду жазып турат.