Токмокто жергиликтүү тургунда сабап, андан соң тоноп кеткен адам
кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 21-январда билдирди.
Маалыматка ылайык,
8-январда 50 жаштагы аялды жумушка бара жатканда белгисиз адам сабап, буюмдарын уурдап
кетип калган. Жабыркоочу баш сөөгүнөн жаракат алган. Бул кылмышка шектелип милиция кызматкерлери
тарабынан 28 жаштагы жигит кармалып, убактылуу кармоочу жайга жеткрилди. Учурда иликтөө
иштери жүрүүдө.