Биз социалдык тармакта

Салык органынын мурдагы жетекчисине байланыштуу иште жаңы кармоолор болду

10-декабрда УКМК мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Мамлекеттик салык кызматынын бир катар мурдагы жетекчилерин кармады. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда атайын кызматтын маалымат борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, борбордук аппараттын текшерүү башкармалыгынын мурдагы башчылары А.М. жана У.С. Салык кызматынын мурдагы төрагасы А.А. менен бирге кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ишкердик субъекттерден акча каражаттарын опузалаган деп шектелүүдө. Алар коррупциялык схеманын негизги уюштуруучулары болгон.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, былтыр, 6-декабрда салык органынын жетекчилери Абдувапов менен Кыдыргычов УКМК тарабынан кармалган. Атайын кызмат алар электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар деп шектелип жатканын билдирген.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев июль айында Ош облусундагы жыйында Алтынбек Абдуваповдун байлыгы 55 миллион долларга барабар экенин айтып, таң калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан