Минералдык жер семирткичтер ортомчусуз таратылат

Минералдык жер семирткичтер ортомчусуз таратылат. Бул туурасында бүгүн, 21-январда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.

Анын айтымында, аммиак селитрасынын бир килограммы 15-16 сомду, аммоний сульфатынын бир килограммы 11-12 сомду түзөт.  

“Жер семирткичтердин биринчи партиясы кийинки жума келет. Эгер төлөмдөр убагында жүргүзүлүп турса, жазгы айдап-себүү иштерине 50-60 миң тонна жер семирткич алып келгенге жетише алабыз. Биринчи Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондору камсыздалат. Аларды таратууда район акимдери жоопкерчиликти өз моюндарына алышат”,- деди Тайырбек Сарпашев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан