Испаниялык Хаби Алонсо "Реалдын" башкы машыктыруучусу кызматынан кетти. Бул тууралуу мадриддик клубдун расмий сайтына жарыяланды.
Маалым болгондой, келишим тараптардын өз ара макулдашуусу менен токтотулган.
Буга чейин башкы мышыктыруучу менен клубдун келишими 2028-жылга чейин түзүлгөнү айтылган эле.
Ал эми "Реалдын" жаңы башкы машыктыруучусу клубдун экс-оюнчусу Альваро Арбелоа болду. Ал буга чейин жаштар командасында мышыктыруучу болуп эмгектенип келген.
44 жаштагы Алонсо командага 2025-жылдын жай айында башкы машыктыруучу болуп дайындалган болчу.
Эске салсак, жакында болуп өткөн Испаниянын Суперкубогунун финалында "Реал" "Барселона" командасына 3:2 эсебинде жеңилип калган.