"Барселона" "Реалды" жеңип, Суперкубокту кайрадан утту

"Барселона" командасы Испаниянын Суперкубогунун финалында "Реалды" 3:2 эсебинде жеңип, кайрадан бул турнирдин жеңүүчүсү болду.

Маалыматка ылайык, беттеш Сауд Арабиясынын Жидда шаарында өткөн.

Каталониялык клуб Суперкубокту тарыхында 16-жолу, ал эми акыркы төрт жылда үчүнчү жолу багындырууда.

Эске салсак, Испаниянын Суперкубогу 2020-жылдан бери төрт команданын катышуусунда өткөрүлүп келет. Бул жылы жарым финалда "Реал" "Атлетикону" 2:1 эсебинде утса, "Барселона" Бильбаонун "Атлетигин" 5:0 менен жеңген.

Испания чемпиондугунда 19 турдан кийин "Барселона" 49 упай менен биринчи орунда турат. "Реал" 45 упай менен экинчи сапта. Октябрдын аягында өткөн Ла Лиганын 10-турунда болсо "Реал" "Барселонаны" 2:1 эсебинде жеңген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан