
ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, Бишкектеги Балбан-Таймаш конушунда бүгүн, 20-январда техникалык тейлөө борборунан
чыккан өрт саат 09:17де толук өчүрүлдү.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 күжүрмөн эсеп, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ жана штаб тартылган.
Алдын ала малымат боюнча, өрттүн аянты болжол менен 250 чарчы метрди түздү. Кырсыктан жабыркагандар катталган жок.