Бүгүн, 20-январда Бишкектин Балбан-Таймаш конушунда техникалык тейлөө борборунан чыккан өрт саат 08:29да чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, өрттү өчүрүүгө жалпы 6 күжүрмөн эсеп, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ бир дрону жана штаб тартылган.
Учурда толук өчүрүү боюнча ыкчам аракеттер көрүлүп жатат.