Президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Орозбек Молдалиев парламенттин 22-январдагы жыйынында трибунадан депутаттарга ыраазычылык билдирди. Ал президенттин өкүлү болуп турганда депутаттар менен жемиштүү иштешкенин белгиледи. "Колумдан келишинче сиздер менен жакшы иштешүүгө аракет кылдым. Менден кемчилик кетсе кечирим сурайм. Сиздер айткан сунуш, тапшырмалар жоопсуз калган жок. Бир гана нерсени аткара албадым. "Башка кызматка кетпеңиз, биз менен аягына чейин иштешиңиз" дедиңер эле. Бирок аны аткара албадым",- деди Молдалиев.
Эскерте кетсек, Орозбек Молдалиев жакында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп дайындалган.