Донор болгон аскер кызматкерине кошумча дем алуу күнү берилиши мүмкүн

Жогорку Кеңеште бүгүн, 22-январда “КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Демилгечилердин бири Турсунбай Бакир уулунун айтымында, сунушталган мыйзам долбоору менен “Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө” жана “Аскер кызматкерлеринин статусу жөнүндө” мыйзамдарга толуктоо киргизилет. Тактап айтканда, донор болгон аскер кызматкерине кан берген күндөн кийин кошумча дем алуу күнү берилет.

Мыйзам долбоорунун концепциясы 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан