Биз социалдык тармакта

"Кызымды базарда манты сатып чоңойттум". Гүлжайна Атаканова өткөн күндөрүн эскерди

SUPER.KG порталынын кезектеги каарманы – белгилүү куудул, алып баруучу Гүлжайна Атаканова.

Кызын турмушка узатып, кайнене болгондон кийинки алгачкы маегинде куудул жашоосундагы өзгөрүүлөр, эне катары башынан өткөргөн кыйынчылыктары жана аялдык бакыт тууралуу сыр бөлүштү.

Ал базарда манты сатып, кара жумуш жасап жүрүп кызын чоңойтконун, ошол жылдары кызына жетиштүү мээрим бере албай калганына азыр өкүнөрүн айтты.

"Кичүү кызым көргөн нерселердин бирин да улуу кызым көргөн эмес", – деген каарманыбыз өткөн күндөрүн эскерди.

Толук маекти SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрө аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан