Абу-Даби шаарында Украинадагы кагылышууларды жөнгө салуу боюнча Орусия менен Украина тараптын жолугушуусу ийгиликтүү болгонун АКШ тарап билдирди. Бул тууралуу АКШдагы жергиликтүү басылмалар жазууда.
"Орусиялык жана украиналык расмий өкүлдөр Абу-Дабидеги түз сүйлөшүүлөрдүн экинчи күнүнүн жыйынтыгында тынчтык келишимине жетишүүдө олуттуу прогресске жетишти", - деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле жолугушуудан соң эки делегациянын жетекчилери сүйлөшүү мазмундуу жана жемиштүү өттү деп баалашкан. Буга чейин АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөрдөн кийин Орусия менен Украина туткундарын алмашууга макул болушканы айтылган.