
5-февралда Украина менен Орусия 157 адамдан турган туткундарды алмашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Украинага кайтарылган туткундардын катарында аскер кызматкерлери, улуттук гвардиячылар, чек арачылар жана жарандар бар. Көпчүлүгү 2022-жылдан бери камакта отурган. Алардын эң жашы 23тө, эң улуусу 63 жашта.
Орусиянын Коргоо министрлиги да 157ге 157 формуласы боюнча алмашуу болгонун тастыктады. Кайтарылган орус аскерлери азыр Беларус аймагына жайгаштырылган.
АКШнын атайын өкүлү Стивен Уиткоффтун билдирүүсү боюнча, жалпы 314 туткун алмашууга макулдашылган. Макулдашууга Украина, Орусия жана АКШ делегациялары Абу-Даби шаарында өткөн сүйлөшүүлөрдө жетишкен.
Тараптар талкууну улантып, жакынкы апталарда дагы туткундарды алмашуулар улантылары күтүлүүдө.