Бүгүн, 22-январда журналисттер менен жолугушуусунда энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев “2014-жылы “Кемин” подстанциясынын курулушу, Быстровка–Кемин 220 ЛЭП жана 16-ноябрда кубаттуулугу 250 мегаватты түзгөн эки трансформатор иштетүүгө берилет” деп билдирди.
"Кара-Кече боюнча техникалык-экономикалык негиздемелер жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Кавак кени боюнча негиздемелерди түзүүнү баштадык. Мындан сырткары кубаттуулугу 1200 мегаватт болгон мамлекеттик райондук электр станциясынын курулушу тууралуу сунуштун жообун күтүп жатабыз”,- деди ал.
Ошондой эле узундугу 40 чакырымды түзгөн Кара-Кече – Кемин электр энергиясы өтүүчү линиянын курулушу жана Кара-Кечеге чейин темир жол куруу пландалып жатканын кошумчалады.