Кыргыз-тажик чек арасы боюнча түзүлгөн жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусунан Кыргызстан баш тартты

Кыргыз-тажик чек арасындагы делимитация жана демаркация маселеси боюнча эки өлкөдө түзүлгөн жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусунан Кыргызстан баш тартты. Муну бүгүн, 22-январда вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди. Айтымында, мындай баш тартууга Кыргызстан жөнөткөн 3 нотага Тажикстандын жооп бербегени себеп болду. 

"Жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу 25 же 26-январда өтмөк. Бирок 11-январдагы чек ара чатагына байланыштуу Кыргызстан жиберген ноталарга Тажикстан жооп бербегендиктен Кыргызстан тарап ал жолугушуудан баш тартты",- деди Мамытов.

Айта кетсек, 11-январда Баткендин Ак-Сай аймагында кыргыз-тажик чек арачыларынын атышуусунан кийин кыргыз тарап коңшу өлкөдөгү элчисин чакыртып алып, Тажикстанга 3 нота жиберген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан