Киевде полиция менен демонстранттардын кагылышуусунда 5 адам каза тапты. Бул тууралуу дарыгерлердин маалыматына шилтеме берип, украиналык басылмалар жазып чыгышты.
“Евромайдан” штабынын медициналык жардам кызматынын координатору Олег Мусийдин айтымында, каза болгондор моюн, көкүрөк жана башына октон жаракат алышкан. Мындан сырткары ал дарыгерлерге карата чабуул болгонунан улам 2 адамдын өмүрүн сактай алышпай калганын кошумчалаган.
Жалпысынан 300 адам жаракат алганын кабарлаган.
19-январда башталган кагылышта демонстранттар таш, күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышса, тартип коргоочулар көздү ачыштыра турган газ чачып, кулак тундурган граната, союл колдонуп жатышат. Активисттер полиция ок чыгарганынан адамдар каза болууда дешсе, ички иштер министрлиги полиция кадимки окту колдонбогонун айтууда.