Жогорку Кеңеште оор кылмыштарды кечирбөө боюнча мыйзамды кайра добушка коюуга Анвар Артыков каршы чыкты

Жогорку Кеңеште бүгүн, 23-январда оор кылмыштарды кечирбөө боюнча мыйзам долбоору кайра добушка коюла турганы белгилүү болду. Буга депутат Анвар Артыков каршы чыкты. Ал “мыйзам 20 жыл ичинде оор кылмыш кылгандарды жоопко тартуу максатында кабыл алынышы керек болчу. Кайрадан добушка коюуга зарылчылык жок, бул популисттик кадам”,- деди.

Депутат Асия Сасыкбаева “бул мыйзамды “Ата Мекен” фракциясы иштеп чыкканы ырас. Буга каршы чыккандын ордуна “Ар-намыс” фракциясы да колдосо болмок. Артыковдун буга каршы чыкканы уят”,- деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан