Депутаттар “баалардын кымбатташы качан токтой турганына өкмөт жооп берсин” дешти

ЖКнын 23-январдагы жыйынында депутат Дастан Жумабеков кымбатчылык элдин шаштысын кетирип жатканын айтып чыкты. Ал билдиргендей, бул жаатта өкмөт элге эч кандай маалымат бербей жатат.

“Доллардын өсүшү качан токтойт? Баалар асмандап, эл эмне кыларын билбей калды. Өкмөттүн атынан бул маселе боюнча элге маалымат берүү керек”,- деди депутат.

Төрага Асылбек Жээнбеков бүгүнкү жыйынга экономика министри Темир Сариев келерин жана бул суроолорго жооп бере турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан