22-январда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Ош шаарын түптөөгө үлкөн салым кошкон, шаарга эмгеги сиңген ардагерлер менен жолугушту. Бул тууралуу 23-январда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жолугушууда ардагер ишмерлер буга чейин шаардагы болгон көйгөйлөр, аны чечүүнүн жолдору туурасында ой бөлүшүштү. Ал эми мэр алардын айткандарын туура кабыл алуу менен бирге мындай жолугушууну ар ай сайын өткөрүп турууну сунуштады.