Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жүрүүдө. ЖРТга каттоо баалары тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева маалымат жыйында айтты.
Каттоо акысы:
"Буга чейинки 3 жылда мамлекеттик тил боюнча тесттин баасы пилоттук негизде 200 сом болгон. Эми ал дагы 470 сом болот",- деди Батракеева.
Маанилүү: Предметтик тест негизги тесттен өзүнчө бааланат. Негизги тестти тапшырбастан, предметтик тестти тапшырууга болбойт. Ошондой эле ал тестке паспорттун түп нускасы керектигин, "Түндүк" тиркемеси аркылуу кирүүгө болбой тураганын белгиледи. "Анткени тестирлөө учурунда телефон колдонууга тыюу салынган",- дейт ал.