Өлкөдө Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды. Бул тууралуу илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Дурус Козуев 19-февралда маалымат жыйында билдирди.
Айтымында, ЖРТга каттоо 17-февралда башталган, ал 2-апрелге чейин жүргүзүлөт.
"ЖРТнын турларынын графиктери министрлик тарабынан бекитилет. ЖОЖдорго гранттар ЖРТнын жыйынтыгына жараша бөлүштүрүлөт. Ал эми маданият, исскуство, дене тарбия багыттары боюнча гранттарды бөлүштүрүүнү аталган окуу жайлар өздөрү жүргүзүшөт",- деди Козуев.
Маалымат үчүн: Жалпы республикалык тестирлөө – бул Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээлин жана жөндөмдөрүн баалоо үчүн өткөрүлгөн экзамен. ЖРТ жыйынтыктары менен бүтүрүүчү өлкөнүн жогорку окуу жайларына тапшыра алат.