Парламентте бүгүн, 23-январда депутат Абдыжапар Бекматов шаардагы баш аламан курулуштар боюнча эч ким жоопко тартылбай жатканын айтты. "Жер басып алуу, өзүм билемдик менен имарат куруу заманы өткөн. Шаарды тартипке салбаса болбой калды",- дейт депутат.
Бекматов мамлекеттин эсебинен салынчу имараттарды эрте баштоо керектигин айтат. "Тендерлерди эрте өткөрүп, апрель айында курулуштар башталып калышы кажет. Болбосо курулуштар июнда башталып жыл аягына чейин бүтпөй калууда",- деди ал.