Бүгүн, 23-январда Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имаратында 2013-жылдын жыйынтыгын чыгаруу үчүн коллегиялык жыйын болуп өттү. Жыйынга вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков жана райондун акимдери катышты.
Анда түштүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысынын орун басары Асилбек Эрмеков облус боюнча 2013-жылдын республикалык бюджетинин планы аткарылбаганын айтты.
Өз кезинде Сооронбай Жээнбеков "ар кандай шылтоону айтпай, кызмат ордуңарды бошотуп койгула. Силер мындан ары да бюджетти толтура албайсыңар",- деди.
Жыйынга катышып жаткан вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жыл жыйынтыгы боюнча тийиштүү жетекчилердин маалыматын укту. Андан соң айыл өкмөттөрүнө кайрылып, баштаган жумушту токтотпой, биргеликте иш алып барууга чакырды.