Роза Отунбаева: “Кыргызстанга өз көз карашы жок, ээрчиме коомдук байкоочу кеңештин кереги жок”

Бүгүн, 23-январда “Мамлекеттин коомчулук алдындагы отчёту жана жарандардын ачык башкарууга катышуусу” аттуу эл аралык конференцияда экс-президент Роза Отунбаева “Кыргызстанга өз көз карашы жок, ээрчиме коомдук байкоочу кеңештин кереги жок” деп билдирди. Анын айтымында, коомдук байкоочу кеңештер (КБК) мамлекеттик органдар талкууга ала элек маселелерди көтөрүп чыгуусу керек. 

“Биз министрлерге жана бийликтин институттарына ишеним арттык. Министрлер КБКнын алдында өзүнүн чынчылдыгын далилдегенге туура келген учурлар болгон. Биздин мамлекеттик институттар өзүнүн чабалдыгын көрсөтүп, жаш мамлекетибизде кемчиликтер арбын. КБКга ушул кемчиликти жоюу милдети жүктөлөт”,- деди Отунбаева. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан