(Башы өткөн сандарда)
– Сизге бул суроону берүү оор, бирок ошентсе да бир суроо берсем болобу?
– Ооба, кандай суроо берсең да жооп берүүгө даярмын.
– Жакын досуңуз менен мурунку аялыңыз... Сизге муну кабыл алуу кыйын болдубу?
Акбар ойлонуп калды. Ачыгын айтканда, башында кыйын болду, кабыл алгысы келбеди, атүгүл ишенбеди. Эламан ага өзү келип баарын айтып берди. Балалык сүйүүсү экенин, кийин Мариям менен Акбар баш кошкондо досуна кыянаттык кылгысы келбегенин, анан дагы азыркы окуялар...
– Аны эс тарткандан бери сүйдүм,- деди Эламан. – Ордуна эч кимди коё албадым, ал менин рухумдун жарымы эле. Мен Мариямдын ички дүйнөсүн көрчүмүн, ким билет аны мендей көрө алган болдубу жашоодо... Бирок тагдырдын буйругу менен ал сенин жубайың болду, бул да силердин чечим эмес, ата-энеңер чечиптир. Кыргызстанга келип, чындап анын жана сенин абалыңды көрдүм. Ага чейин акылымдын учунан да “Мариям меники болуп калса” деген ой өткөн эмес... Сени көрдүм, абалың оор эле. Аны көрдүм, кайгылуу эле. Алыста жүргөндө жок дегенде Мариям бактылуу деп өзүмдү жоошутчумун. Жүрөгүм ооруду, анткени ал эң бактысыз аял эле. Көздөрүнүн нуру өчүп, эмне кыларын, кайда барарын билбеген аялды көрдүм. Анын ара жолдо калганын байкадым. Ошондо да эч нерсе деген жокмун, силер ажыраштыңар. Эми тагдыр бизге бир мүмкүнчүлүк берүүдө. Акбар, бизге уруксат бер! Бактылуу болууга татыктуу аял экенин билесиң. Асыл инсан экенин билесиң...
Ушуларды айтты. Акыры Акбар аларга бакыт каалады. Эламандын бекемдигине, сүйүүсүнө, достуктун атына көлөкө түшүрбөгөнүнө баа берди. Мариямдын да тазалыгы, адилетүүлүгү, кандай абал болсо да чынчылдыгы аны таасирлентти.
– Ишенесиңби, билбейм, Айкөлүм. Бирок тагдырдын дал ушундай чечкенине ыраазымын. Эң ишенген адамдарым, мен аларга ак жол каалабасам болбостур. Бул жашоодо эмне эксең, ошону гана аласың дешет тура. Ошондуктан жалаң гана сүйүү жана мээрим эгели.
– Анда аларды алыс жолго узатат экенбиз да, ээ?
– Ооба, аларды узатабыз.
ххх
Терезеде куштардын сайраганы угулуп турду. Теребел эмнегедир магдырап, бир башкача бейпил. Мариям таңдын мындай сулуулугун биринчи жолу көрүп жаткандай маашырлана тээ алыстагы ак чокуларды тиктеди. Эми бир топко чейин бул чокуларды көрбөйт, сагынса керек. Ал даярдалган чемодандарды карады. Жаңы турмушка бир кадам...
Кызык, баары башталганда окуя мындай аяктаарын билбегенин кара. Акбар менен Айкөлдүн мамилесин укканда жандалбастай үй-бүлөсүн куткарууга шашылган эле. Андан башка эч бир нерсе оюна келген эмес. Бирок ушундай болгону жакшы болуптур. Ошол ырынан чыры көп турмушту башынан өткөрбөгөндө, аягына чейин күрөшпөгөндө бүгүн бул Мариям боло албайт эле. Дагы да болсо кимдир бирөөнүн жашоосу менен жашаган, эч ким барк албаган, өзүнүн да кадырын билбеген бир аял боюнча калмак. Ал гана эмес, сүйүүнүн да баркын билбеген боюнча калмак тура...
Ушул учурда бөлмөсүнө улуу кызы Наргиза кирди. Ал алгач чемодандарды, андан кийин апасын карады. Жүзүнөн нуру төгүлүп турганын көрдү, андан төгүлүп турган мээримге элжиреп кеткен кызы кучактай калды. Катуу кучактап, ыйлап жиберди. Апасы ал ыйлап бүткөнчө сабыр менен күтүп турду.
– Кечир мени, апа.
– Жаным менин, баары жакшы болот!
– Сен аны менен бактылуу болоруңа ишенесиңби?
– Ооба.
– Аны сүйөсүң, демек?..
– Сүйөмбү, билбейм азырынча, бирок жүрөгүм анын жанында бүтүн, акылым чар-жайыт эмес. Өзүмдү ишенимдүү сезем. Мындай сезим менде эч качан болгон эмес...
– Ал сени сүйөт, көрүнүп эле турбайбы. Сени чындап сүйгөн адамдын жанында болгонуң туура. Бирок мен сенден мындай эрктүүлүктү күткөн эмес элем. Сен мени дагы бир жолу таң калтырдың. Бирок сен мени өмүр бою таң калтырып келесиң, апа. Сендей апанын кызы болгонума сыймыктанам.
– Мен дагы сени менен сыймыктанам. Сен дүйнөдөгү эң акылдуу кызсың. Бул жакта калган иниң, атаң баары сага аманат. Менин жок экенимди билдирбейсиң деп ойлойм.
– Эч камтама болбо. Сен эми өз бактыңды ойло. Эламан байкеге чын эле туура эмес мамиле жасаптырмын. Ага эң кымбаттуумду тапшырам деп ойлогон эмесмин. Мен да, балким, Америкага аркаңардан барып калам, ким билет...
Энеси менен кызы бул таңда бардык сырларын айтышты, көлкүлдөгөн мээрим менен коштошушту.
ххх
Аэропорт. Балдарын ээрчиткен Мариям менен Эламанды Акбар алыстан карап турду. Алардан мурун эле келген. Жүрөгүнө жакын бул адамдарга ыза болорун билбейт же ыраазы болорун билбейт. Бир кызыктай сезимдин арасында калды. Бир учур Эламан эңкейип, Мариямдын колунан түшүп кеткен сумкасын алып берип жатканы көзүнөн качкан жок. Ага болгон илбериңкилигин жана аяр мамилесин байкады. Ошол жерден ичиндеги бир туталануу жоголуп, ыраазы болуп кетти. Мариямды дал ушул адам бактылуу кыларына көзү жетти. Эрксизден Эламан экөөнүн акыркы сөзү эсине түштү. Кийин Мариям менен да сүйлөштү. Балдарын ала кетем дегенине макул болду. Баары такталып, сүйлөшүлгөн, ошентсе да адам экен да, азыр алардын жанына бара албай жатканын, толук коё бере албай жатканын кара.
Уландысы шилтемеде.