Ош шаарынын тургундары электр энергиясын берилген лимиттен ашыкча колдонуп жатышат

"Ош шаарынын тургундары кыш мезгилинде электр энергиясын көп колдонуп жаткандыктан, тийиштүү жабдыктар жогорку чыңалуу менен иштеп жатат" деп билдирди бүгүн, 23-январда  райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Данияр Сыдыков.
Анын айтымында, белгиленген лимит айына 3 миллион 900 миң киловатт болсо, кышында бул көрсөткүч 4 миллион 200 миң киловаттка чейин көтөрүлүп жатат. 
«Электр энергиясын берилген чектен көп колдонуудан улам эскилиги жеткен трансформаторлор иштен чыгып, авариялык абал түзүлүп жатат. Аларды оңдоо үчүн 6 бригада иш алып барууда. Алар авария болгон жерлерди бир күн ичинде оңдоп жатышат. Лимиттен ашып жаткандыгынын себеби, шаар калкынын санынын көбөйгөндүгүндө»,- деди Сыдыков.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан