“Жаңы Конституцияга ылайык, президент референдум дайындай албайт”,- деп билдирди бүгүн, 23-январда депутат Бакыт Төрөбаев. Айтымында, референдум боюнча Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл алышы керек.
“Мисалы, 2015-жылы 15-январда референдум өтөт. Анда мындай маселе каралат деп мыйзамда жазылат”,- деди. Депутат Дамира Ниязалиева "бир депутат референдум өткөрүүнү демилгелей алат" деген нормага каршы. “Биздин эл саясатташып кеткен. Ар бир жекшемби сайын референдум өткөрүп калбайлы. Бир депутат жана 10 миң жаран референдум өткөрүүгө демилгечи боло алат деген норманы кайрадан тактап чыгуу керек”,- деди Ниязалиева.