Кечээ, 22-январда Бишкек шаарынын вице-мэри Мурат Исмаилов Үрүмчү шаарынан келген делегация менен жолугушту. Анда эки тарап мал чарбачылыгы тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
“Үрүмчүдө кыргыз этинин сапаты жогору бааланат. Ал шаардын калкынын жарымынан көбү мусулман болгондуктан, адал продукцияларды жеткирүүгө биз кызыкдарбыз”,- деди Үрүмчү шаарынын вице-мэри Тань Ченгуй.
Жыйындын соңунда Бишкектен Үрүмчүгө эт продукцияларын экспорттоо боюнча маселелерди тереңден карап чыгуу чечимине келишти.