Ысык-Көлдүн Ак-Суу айылында өз өмүрүн кыйган 40 жаштагы аял Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн унаа токтотуучу жайында өзүнө-өзү өрт койгон. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.
Маалымдалгандай, аялдын артында 16, 15 жана 6 жаштагы кыздары жана 14 жаштагы уулу калган. Аял жолдошу менен ажырашып кеткендиктен балдарын жалгыз багып келген. Аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо тургандыктан маркум балдарына 2018-жылдан бери жөлөкпул алчу.
Эске салсак, Ысык-Көл облустук милициясы 25-февралда 40 жаштагы аял кызынын кош бойлуу экенин уккандан кийин өзүнө өрт койгонун билдирген.