Ысык-Көлдүн Ак-Суу айылында 40 жаштагы аял өзүн-өзү өрттөп каза тапты. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, маркумдун 17 жаштагы кызы кош бойлуу болуп калган. Милиция 25-февралда териштирүү үчүн өспүрүмдү суракка алган. Бирок анын апасы "элдин бетин кантип карайм?" деп, суракка катышуудан баш тарткан. Андыктан өспүрүм кыз Ак-Суу райондук Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын кызматкеринин катышуусунда суралган.
25-февралда саат 21:00 чамасында кыздын апасы “дүкөндөн суусундук алам” деп чыгып кетип, күйүтүнө чыдабай, өзүнүн денесине бензин куюп, өзүн-өзү өрттөгөн. Натыйжада ал Ысык-Көл облустук ооруканасына жеткирилип, алган күйүк жаракаттарынан улам каза болгон.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.